«Мурас» мелдеши: Президенттик администрация «Жогорку Кеңеш» командасын жеңди. Садыр Жапаров 2 гол киргизди

Бүгүн, 4-майда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. Турнир башталганда эле аянтка президенттик администрация менен «Жогорку Кеңеш» командасынын оюнчулары чыгышты.

Президенттик администрация командасынын эсеп сандарын 7-мүнөттө Нуртазин Жетибаев ачып берди. Ал эми экинчи топту Маданият министри Азамат Жаманкулов киргизди. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү голду президент Садыр Жапаров киргизди.

Ал эми аларга атаандаш болгон «Жогорку Кеңеш» командасынын оюнчусу депутат Эмил Жамгырчиев акыркы мүнөттөрдө гол жаратып, командасынын эсеп санын ачты. Оюн 4:1 эсебинде президенттик администрациянын жеңиши менен аяктады.