Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген шектүүгө пробациялык мөөнөт берген судья иштен алынат

Кечээ, 12-октябрда Соттор кеңеши президент Садыр Жапаровго бир катар сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген.

Жогорку Соттун маалыматына караганда, алардын арасында Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов да бар. Ал Селекцияда аялынын кулак-мурдун кескилеген шектүүгө пробациялык мөөнөт берген судья экени маалым болду.