Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кызы кайрадан Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кызы кайрадан Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына сүйүнчүлөп жазды.

«Алика экинчи ирээт Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду! Чемпионатка 400гө чукул бала катышып, 1000 чакырымдан бери неберелерин жетелеп келген ата-апалар болду.

Шахмат ойногон бала жашоо шахматтагыдай ак менен эле карага бөлүнбөөрүн, жеңишке билектүүлөр эмес, эрктүүлөр жетээрин, биринчи ойлонуп анан иш кылыш керектигин мыкты өздөштүрөт. Стратег, моралдык жактан күчтүү, маданияттуу адамдар Кыргызстандын келечегин курат. Ал үчүн шахматка мамлекет жалпы улуттук деңгээлде көңүл буруп, адамдын аң-сезимине бурулуш жасай турган ийримди колдоп, тренерлерди барктап, ата-энелерге дем берип турушу керек», — деп жазды Аида Салянова.

Өткөн жылы да мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова 6 жаштагы кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болгонун сүйүнчүлөгөн болчу. Кийин ал кызы менен SuperTV телеканалына эне-баланын ортосундагы мамиле, балага болгон тарбия тууралуу маек берген.