Мурдагы депутат Азамат Арапбаев Чаткалдагы кайнатасынын тоюна ӨКМдин тик учагы менен барганы маалымдалды

Социалдык тармактын колдонуучулары ӨКМге берилген тик учактар тойлорго колдонулуп жатканы тууралуу маалымат тараган. Андагы маалыматка караганда, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга кайнатасынын тоюна барган.

Политклиника медиасы маалыматты текшерип көрүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген тик учак Чаткалга баргандыгы чындык экенин, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев барганын тастыкташкан.

Ал эми “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев тик учакты ижарага алса болорун айткан. Анын айтымында, тик учак менен жарандарды куткаруу жумуштары ӨКМдин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

“Ал эми биздин авиакомпаниябыз толугу менен коммерциялык болуп саналат. Ошондуктан, жеке ишкер болобу, мамлекеттик же жеке компания болобу, акчасын төлөп, тик учакты өзүнүн каалаган максатына колдоно алат. Тик учакты бир саат колдонуунун баасы 2 300 долларды түзөт. Тик учакты акчасы көп ишкерлер изилдөө жүргүзгөнгө, же бир жакка тез жетүү үчүн жана куткаруу иштерине ижарага алып, колдоно алышат. Мисалы, кечээ жеке ишкер тик учакты 800 миң сом төлөп, 4 саат 16 мүнөткө өзүнүн максатына колдонду”, – деди ал.