Мурдагы депутат Игорь Чудинов Башкы прокуратурага сурак берди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Игорь Чудинов Башкы прокуратурага күбө катары сурак берди. Бул маалыматты аталган ведомстводон тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал кечээ, 31-январда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына чакырылып, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча көрсөтмө берген. Чудинов 2007-2009-жылдары премьер-министр болгон.