Экс-депутат Лунара Мамытова кош бойлуу экенин ачыктады

Экс-депутат жана эмгек министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова кош бойлуу экенин ачыктады. Ал соцтармактагы баракчасына сүрөттөр менен бөлүштү.

Лунара Мамытова 1985-жылы төрөлгөн. Ал 2015-жылы «Бир Бол» партиясы менен шайлоого катышып, депутат болуп шайланган. 2016-жылы мандатын өткөрүп берип, ошол эле жылы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган. 2018-жылы кызматтан кеткен. Ал буга чейин уулун тарбиялап келген.