Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Бангкокто өтүп жаткан муай-тай боюнча чемпиондук курун жеңип алды.
Атазовдун атаандашы Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болду. Бул кармашта экс-депутат экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетти.
Атаандашы экинчи раунддун башында беттешти уланта алган жок, ал бутуна алган жаракаттан улам тура албай калды.








