Мурдагы экология министри Динара Кутманова 9-августка чейин камакта болот

Мурдагы экология министри Динара Кутманова 9-августка чейин камакта болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурууга шектеген.