Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков 74 жашында каза болду

Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков 74 жашында каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.

1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.

1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.

1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.

1996-2000-жылдары Өкмөткө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.

2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы.

2005-2007-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

2007-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.