Мурдагы элчи Кадыр Токтогулов менен «Азаттыктын» кабарчысы Элиза Кененбаева уулдуу болушту. Бул тууралуу Кадыр Токтогулов соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Элиза экөөбүз үчүн 2022-жылдын 6-декабры эң бактылуу күн болуп калды. Уулубуз Элин жарык дүйнөгө келди. Келечеги кең, жаркын болушун каалайм», — деп жазды ал.
Буга чейин мурдагы элчи Кадыр Токтогулов менен «Азаттыктын» кабарчысы Элиза Кененбаева баш кошушканын өздөрү соцтармактагы баракчалары аркылуу маалымдашкан болчу.