Мурдагы элчи Кадыр Токтогулов менен «Азаттыктын» кабарчысы Элиза Кененбаева уулдуу болушту

Мурдагы элчи Кадыр Токтогулов менен «Азаттыктын» кабарчысы Элиза Кененбаева уулдуу болушту. Бул тууралуу Кадыр Токтогулов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Элиза экөөбүз үчүн 2022-жылдын 6-декабры эң бактылуу күн болуп калды. Уулубуз Элин жарык дүйнөгө келди. Келечеги кең, жаркын болушун каалайм», — деп жазды ал.

Буга чейин мурдагы элчи Кадыр Токтогулов менен «Азаттыктын» кабарчысы Элиза Кененбаева баш кошушканын өздөрү соцтармактагы баракчалары аркылуу маалымдашкан болчу.