Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы каза болду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаргүл Нурбаева каза болду. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, ардагерлер кеңеши, генералдар клубу жана Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2008-2010-жылдары Кыргызстандын ички иштер министри болуп иштеген, милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин жубайынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”- деп айтылат маалыматта.