Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан Асел Ногойбаева Бишкекте 20-августта өтүп жаткан “Дүйнөнү өзгөрткөн лидер айым” форумуна катышууда.
Ногойбаева биринчи айым Айгүл Жапаровага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиздердин колдооңуздар менен мен өзүмө келип жатам, ден соолугум туруктуу болуп баратат»,- деди ал.
Ал ошондой эле Өзбекстандын президентинин аппаратынын жетекчиси Саида Мирзийоевага кайрылып: «Саида Шавкатовна, сиздин аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшкө кошкон салымыңыз баарыбызга белгилүү. Сиздин аракеттериңиз аялдарды жана балдарды коргоого чоң салым кошууда», — деди.