Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан чыгарылды

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунан чыгарылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Кызматтан мурдагы премьер-министрдин кайсы диагноз менен ооруканага түшкөндүгүн, учурдагы абалын жеке маалымат экенин айтышты. Ал 10-сентярда аталган ооруканага жаткырылганы маалым болгон. 

Парламенттик шайлоодон кийин баш калаада башаламандык болуп, 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан. Ошол эле түнү бир катар саясатчылар, анын катарында Жантөрө Сатыбалдиев да абактан бошотулган. Кийинчерээк Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы муну мыйзамсыз деп баалап, бардык туткундарды жазаланган жерлерине кайтарууну талап кылган. Бир нече күндөн кийин Жантөрө Сатыбалдиев өзү 47-түзөтүү колониясына барган. 

Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча кармалып, 7 жарым жылга эркинен ажыратылган.