Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча үн катты 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча үн катты. Анын баамында бул маселе боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу керек.

«Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек аранын 15 пайызы такталып бүтө элек. Президент Жапаровдун бул жерлердин делимитациясын тезирээк бүтүргөнгө умтулганын мен толук түшүнөм. Бирок чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты талап кылат. Шашкан шайтандын иши деп элибиз бекер айтпайт. Бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөрүн бизге Баткен окуялары ачык көрсөттү. Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка.

Убагында Өзбекстан менен 1378 чакырымдын 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85 пайызын макулдашканбыз, бирок мунун баары ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек.

Кайчы пикир үчүн куугунтукту токтотуу керек. Укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу — бул абдан уят иш. Мындай кадамдарга эч кандай аргумент калбаганда, бет тырмалык кылып, чындыктан корккондо гана барат. Камалгандарды тез арада бошотуп, алардан кечирим сурап, оппозиция, журналист, активисттерге, жергиликтүү калкка берген кеңештери, накыл кептери үчүн ыракмат айтыш керек.

Бүгүнкү күндө элдин ынтымагы үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу эң туура болмок. Эл шашпай дагы бир жолу баарын салмактап, тийиштүү документтерди карап, эксперттерди угуп, өз баасын берсин. Президент Шавкат Мирзийоев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элибиздин чыныгы досу. Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө — ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек», — деп жазды ал.