Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев медициналык жардамга муктаж

Экс-президент Алмазбек Атамбаев медициналык кароодон өтүүсү зарыл. Бул тууралуу мурдагы өлкө башчысынын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин абалы бир топ эле оор. Анын омурткасына операция жасалыш керек, ошондой эле жүрөгү дагы начар экенин кошумчалады. Бирок жактоочунун өтүнүчүнө кулак төшөгөн адам жок. Атамбаевди №47 колониянын ооруканасына которушкан эмес.

«Мурунку президенттин катышуусундагы кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүлөр убактылуу токтотулду. Эксперттин корутундусу күтүлүүдө», — деп билдирет жактоочу.

Алмазбек Атамбаевге каршы бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде Кой-Таш айылындагы башаламандык, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу бар.