Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга алып келинди

Бүгүн, 18-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун имаратына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Анда Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин сатып алууга байланыштуу коррупция фактысы боюнча кылмыш иши каралып башталды.

Тергөөнүн версиясы боюнча Атамбаев президент болуп турган кезде Албек Ибраимовдун жубайынан жер тилкесин сатып алган. Дал ушул сатып алуудан кийин Албек Ибраимов борбор калаага мэр болуп келген.

Соттук отурумга алып келинген Алмазбек Атамбаевге туугандары менен учурашууга уруксат беришти. Процесстин жүрүшүн сүрөт жана видеого тартууга сот тарабынан уруксат берилди. Мурдагы президент да отурумдардын баары ачык өтүүсү керектигин айтты.