Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы ИИМде сурак берип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев ИИМдин Тергөө кызматында суракта экенин бүгүн, 8-сентябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кундуз Жолдубаева билдирди. Адвокат Замир Жоошевге шилтеме берүү менен ал Сагымбаевге 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча айып кагаз берилерин айтты.

Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, кийин октябрь айындагы окуяларда чыгарылып, кайра 9-октябрда болуп өткөн «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айланган митингден кийин кармалган эле. 5-декабрда Канат Сагымбаев үй камагына чыккан.