Атамбаевдин кызы кичинекей балага болгон зомбулукка чыдабай, бөбөктүн апасы менен кайым айтыша кетти (видео)

Алия Шагиева атасы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга бара жатып, үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгонун билдирди. Анын айтымында, эне баланы ыйлап жаткандыгы үчүн бар күчү менен тээп жиберген. Бул тууралуу маалыматты Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жүктөдү.

Маалымат боюнча, бүгүн, 20-июнда саат 11:30 чамасында, №47 түзөтүү колониясынын жанындагы аялдамада белгисиз бир аял баласын бар күчү менен “эй, ыйлаба” деп тепкен. Андан кийин видеодо белгилүү болгондой, Алия Шагиева кичинекей балага болушам деп, аял менен кайым айтыша кеткен.