Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары колониянын жанында митинг өткөрүп жатышат

Бүгүн, 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 47-колониянын жанында митинг өткөрүп жатышат. Анын катышуучулары «Атамбаевге эркиндик», «Соттор адилеттүү чечим чыгаргыла» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Мурдагы президенттин тарапташтары ал кармалган камерага коюлган видеобайкоонун жаздыруусун көрсөтүүсүн талап кылышууда.

Кечээ, 23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген.