Мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишинин себеби маалым болду

Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгени маалым болду. Соцтармак колдонуучуларын анын мекенине келишинин себеби кызыктырып жаткан болчу.

Мурдагы президенттин жакындары журналисттерге анын «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келгенин айтышты. Ал өлкөдө беш-алты күн болот.

2005-жылы Март окуясында бийликтен куулгандан бери Аскар Акаев Кыргызстанга ушул жылдын август айында биринчи жолу учуп келип, ал тергөө менен кызматташууга келгенин билдирген эле.