Мурунку Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна жаңы имарат курулат

Мурунку Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна жаңы имарат курулат. Ал жерге Бишкек шаардык кеңешинин аппараты көчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, тендердин дизайны ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында даяр болот. Жаңы жети кабаттуу имаратта Бишкек шаардык кеңештин гана эмес, шаардык кызматтардын бир бөлүгү жайгаштырылат деп пландалууда. Түлөбаев курулуш жакынкы төрт айда башталарын баса белгиледи.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы Апрель окуясында өрттөлгөн. Ошондон бери анын сырты мата менен жабылуу бойдон турат.