Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Мамасалиев көз жумду. Ал 47 жашта болчу

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Мамасалиев узак оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу жакындары билдиришти.

Ал 47 жашта болчу. Акыркы жылдары Германияда дарыланып жаткан. Алишер Мамасалиев Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.

SEREP MEDIA маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.