Мушкер Дастан Шаршеев “Газпром” спорт комплексинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Бишкектеги «Газпром — балдар үчүн» ден соолукту чыңдоочу спорт комплексине жетекчи жана орун басар дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка Балбак Түлөбаев кол койгон.

«Спорт комплексинин жетекчиси болуп Ишенбек Дүйшеев дайындалса, орун басары спортчу Дастан Шаршеев болду. Ал буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болчу”, — деп жазылат маалыматта.