Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу үйлөндү

Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңген мушкер Мунарбек Сейитбек уулу үйлөндү. Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялады.

Бүгүн, 24-август мен үчүн Кудай буйруган дагы бир жакшы күндөрдүн бири болду. Жубайлуу болуп, эки дүйнө бактылуу болууга аттандым. Президентибиз айткандай, ысырапкорчулукка жол бербөөгө кошулам. Силерди да ошого чакырам. Үйлөнүү тоюм үй шартында болуп өттү”, — деп жазды ал.