Мушташтан жабыркаган балага жардам берилбегени үчүн дарыгер кызматтан бошотулду

Социалдык байланыш тармагында эки бала мушташа кетип, ал мушташтан жабыркаган балага ошол жерде турган медициналык кызматкер жардам бербей койгон деген маалымат жарыяланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Чүй облусуна караштуу Васильевка айылында 9-июнда болгон окуя боюнча Чүй облусунун Саламаттыкты сактоо координаторунун астында кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Видеодогу бала тез жардам аркылуу Бишкек шаарынын балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткизилип, тийиштүү жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө балага керектүү диагностика жасалып, тийиштүү дарылануудан өтүүдө. Баланын акыбалы дарыгерлер тарабынан стабилдүү деп бааланууда.