Мушташа кете жаздаган эки депутаттын элдешкени айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Бакасов менен Данияр Төлөнов элдешишти. Бул тууралуу Акипресс жазды.

Буга чейин алар парламенттин жыйынында мушташып кете жаздашкан. Жыйындан кийин Бакасов Төлөновдун кабинетине депутат Айбек Алтынбеков менен барган. Экөө өз ара сүйлөшүп, жакшы маанайда кабинеттен чыгып кетишкен. «Баары жакшы, элдешти» дешти кесиптештери.