Музыкант Викрам Рузахунов Алматыда кармалып турганда кыйноого кабылганын айтты

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов мекенине кайтып келгенден бир айдан кийин Алматыда кармалып, абакта отурганда кыйноого кабылганын моюндады. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, эгер анын видеосу Казак телеканалында көрсөтүлбөгөндө, анын кармалганын эч ким билмек эмес. «Жүздөгөн негизсиз камалган, бейкүнөө адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттап, камерага кайра-кайра айттырган адамга рахмат. Дарыгерлердин айтымында, мен көпкө жашамак эмес экем, анткени сынган кабыргаларым сол өпкөнү жабыркатып койгон экен, бир-эки сокку болгондо жүрөккө зыян келмек экен», — деп жазды ал.

Ал мындан тышкары, музыкант экенин суракта кайталап, кыйноодо кыйкырып айтып жатканын, бирок ага эч ким ишенбегенин, жооп катары катаал мамиле кылышканын айтты.