Мьянмада интернет толугу менен өчүрүлдү

Аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылыктар уланып жаткан Мьянмада интернет дээрлик жок болуп кетти. Өлкөнүн бир катар шаарларынын көчөлөрүнө брондолгон унаалар алынып келинди. Армия оппозициянын нааразычылыгын катуу басууга даярданып жатат, деп билдирет Би-Би-Си.

Эске салсак, 1-февралда аскерлер бийликти басып алышкан. Ошондон бери демонстранттар күн сайын өлкөдө демократиялык башкарууну калыбына келтирүүнү жана президент Вин Мьинди, Демократия Улуттук лигасынын лидери Аун Сан Су Жи жана жүздөгөн адамдарды бошотууну талап кылышууда.

БУУнун өкүлү хунтаны (төңкөрүш менен бийликке келген аскердик топ) өз жарандарына каршы согуш жарыялады деп айыптады. Батыш өлкөлөрүнүн Мьянмадагы элчиликтери армияны зомбулуктан алыс болууга чакырды.