Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул аракеттер президенттин «Балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын бузуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты
Агартуу министрлиги ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет. Аталган окуя 9-марттда Ош шаарындагы “Юниум” жеке...










