Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул аракеттер президенттин «Балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын бузуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Тактап айтканда, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча каражаттарын алышып, одоно мыйзам мыйзам бузууларга жол беришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 4 педагог административдик жоопкерчиликке тартылышса, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, ал эми мектептин директору кызматынан бошотулду. Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууларды токтотуу боюнча иштер улантылууда.