«Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат». ИИМдин депутатка жообу

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин “ИИМ болуп өткөн окуяларга өз убагында аракет кылган жок” деген дооматы чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, чакырык түшкөндө өз убагында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Бул факты өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, процессуалдык чемим кабыл алынган. 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенет. Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат.

18-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган. Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга карата зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот.

Жогорудагы фактылар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтарында 9 кылмыш иши козголгон, анын ичинде бейбаштык — 3, тоноо — 1, каракчылык — 1, массалык башаламандык — 3, расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоо — 1. Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 10 жаранга (6 Кыргыз жаранына жана 4 чет өлкөлүк жаранга) айып тагылган.

ИИМ коомго каршы мыйзамсыз аракеттердин бардык катышуучуларын, чет өлкөлүк жарандарды тоноого жана сабоого тиешеси бар адамдарды аныктоону улантууда. Алардын эч кимиси жазадан кутула албайт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган окуялардын бардык жагдайлары кылдат иликтенет.