Мыйзамсыз текшерүү. УКМК Башкы прокуратуранын маалыматын четке какты

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери жөнүндө Башкы прокуратура берген маалыматы жөнүндө комментарий берди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлери президенттин мыйзамдарынын жана жарлыктарынын талаптарын одоно бузушуп, ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү актысына каттабастан текшерүү жүргүзүшкөн делген Башкы прокуратурасы тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге ылайык жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планы УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ишкердик субъектинин ишине эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы үчүн ЖЧКга текшерүү жүргүзгөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө, ЖЧК тиешелүү документтери жок коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттарды ишкердикке пайдаланганы аныкталды. УКМК жана ОИИБ кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда, ЖЧКнын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, атайын чатакты козгоп, мыйзам бузууну жашыруу максатында мигранттардын качып кетишине түрткү болгон. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген»,- деп айтылат маалыматта.