Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуунун иши Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө.

Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда, мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү.

Президент Садыр Жапаров айрыкча балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда.