Мыкты кыргыз боз үйүнө сынак жарыяланды. Кантип катышса болот?

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сынак боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды кеңири коомчулукка таанытуу максатын көздөйт. Сынактын башкы уюштуруучусу Маданият министрлиги болуп саналат.
Катышуу шарттары:
Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана жаш-курагы жана улуту чектелбейт; Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат;
Буга чейин эпос фествалына катышкан боз үйлөр катыша албайт;
Катышуучулар 10-майга чейин билдирме-анкета жөнөтүүсү зарыл. Анкета шилтеме аркылуу тиркелет: https://docs.google.com/…/1GigODlf3qLWZ5txIh3hI…/edit…
Катышуучуларга сынакка жолдомо алгандыгы тууралуу маалымат уюштуруучулар тарабынан телефон аркылуу маалымдалат. Талаптарга ылайык, кабыл алынган боз үйлөр 16-майынын экинчи жарымында Ош шаарынын Борбордук аянтында орнотуп, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилүүсү шарт;
Сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.
Жеңүүчүлөр Маданият министрлигинин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат.

Байланыш: Маданият министрлиги, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78. Телефон номурлар: (0312) 62-36-39, 62-35-50, +996 773819898, +996 558700087.