Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. «15-декабрдагы жыйналыштын протоколунун негизинде Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.