Мыктыбек Оролбай уулу Матеуш Ребецкиге каршы беттештен канча каражат тапты?

Абу-Дабиде өткөн UFC 308 турнириндеги мушташы үчүн Мыктыбек Оролбай уулу 78,5 миң доллар киреше тапкан. Бул тууралуу Sporty Salaries сайтында маалымат жарыяланды.

Белгилүү болгондой, көрсөтүлгөн сумманын 24 миң доллары негизги төлөм болсо, кошумча 4,5 миң доллары демөөрчүлөр тарабынан төлөнгөн. Калган 50 миң долларды Матеуш Ребецки менен Мыктыбек Оролбай уулу  “Мыкты мушташ үчүн” алган. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул күрөш «жылдын күрөшү» болуп саналат.

Ошол эле учурда анын атаандашы Матеуш Ребецки 135 миң доллар тапкан: анын 40 миң доллары базалык төлөм, дагы 40 миң доллары UFC медиа иш-чараларына катышканы үчүн бонус. Дагы 5 миң доллар демөөрчүлөр тарабынан төлөндү. Мыктыбектей эле Матеуш “Мыкты мушташ” үчүн бонус катары 50 миң доллар алган.