Марат менен Жаныш Бакиевдердин үйлөрүн кимдер пайдаланып жатат? Маммүлктү башкаруу фондунун жообу

Марат менен Жаныш Бакиевдердин конфискацияланган үйлөрү ар кайсы мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров маалымат жыйында билдирди. 

Ал кылмыш иштеринин алкагында алынган турак-жайлардын айрымдарын санап өттү. Ошентип, ар кайсы жылдарда Алексей Елисеев, Сергей Ким, Данияр Үсөнов, Жаныш жана Марат Бакиевдердин кыймылсыз мүлктөрү бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун алкагында фонддун балансына өткөрүп берилген. 2018-жылы Жибек Жолу, 519 дарегиндеги Марат Бакиевдин турак-жайы мамлекетке, тагыраагы 2019-жылы мекеме Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн. Жаныш Бакиевдин турак-жайы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын менчигине өткөн. Фонд билдиргендей, бүгүнкү күндө имаратта жакында түзүлгөн «Шумкар» ААК жайгашкан.