«Мүмкүн болгондун баарын кыскартып жатабыз». Финансы министри мамкызматкерлер эмне үчүн премия албай калганын айтты

Мүмкүн болгондун баарын кыскартып жатабыз, ошондуктан Жогорку Кеңешке министрликтен кайрылуулар түшүп жатат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 5-декабрда парламенттин Бюджет комитетинин жыйынында билдирди.

«Сиздер акыркы кварталда мамлекеттик кызматкерлердин үстөк акыларын азайттыңыздар. Дагы эмнеден үнөмдөйсүңөр?» – деп сурады депутат Эльвира Сурабалдиева.

«Премияны эле эмес, чындыгында бардыгын кыскартып жатабыз», — деп жооп берди министр.

«Сиздер кагазды да үнөмдөп жатасызбы?» — деп сурады Сурабалдиева.

«Кагазды да», — деп жооп берди министр.