Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Бириккен улуттар уюму «Өнүктүрүү» программасынын алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Technoland» коомдук фонду менен Кыргызстандагы дүлөй балдардын билим алуусуна шарт түзгөн «Дилгир» мобилдик тиркемесин иштеп чыктты. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде иштелип, биринчи кезекте майып балдардын үй-бүлө жана башкалар менен баарлашуусундагы тоскоолдуктарды жоюп, коомго аралашуусуна мүмкүнчүлүк, окуу процессин тездетүүгө түрткү берүү максатында чыгарылган.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Абдрахманованын айтымында, угуусу начар балдар мындай тиркемеге муктаж болуп келишкен.

Бул тиркеме балдардын үйдөн отуруп, онлайн-практика кылып туруусуна ыңгайлуу. Угуусу начар балдар үчүн зарыл деп да айтсам болот. Мисалы, карантин учурунда балдар мектепке барышкан жок да, бул тиркеме болсо алардын үйдөн практика кылып туруусуна көмөк көрсөтөт. Онлайн окууда үйдөн өз алдынча даярданбаса, балдардын билим деңгээлинин көрсөткүчү төмөндөйт. Март айында тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде иштеп баштайт», — деп билдирди Айнагүл Абдрахманова.

Ошондой эле бул тиркеме Play Market’тен акысыз көчүрүлөт. Анда кол аркылуу ымдоо-жаңсоолор менен кошумча түшүндүрмө берилип, 6-7 жаштагы балдарга даярдалган. Тиркеме мектептин программасына ылайык даярдалган.