Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар Каржы полициясынын алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 22-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имаратынын алдына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы окуя болуп жаткан жерден билдирди.

Маалыматка ылайык, митингге чыккандар майыптарга арналып салынган батирлер адилетсиз бөлүштүрүлүп жатканына нааразы болуп, Каржы полициясынан аларга карата адилеттүү мамилени талап кылып чыгышкан.

Мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилген турак жайлар чыныгы муктаждарга эмес, жетекчилердин туугандарына, алардын өзүлөрүнө, жакындарына  бөлүштүрүлүп, берилип келет. Ошондой эле “Азиздер жана дүлөйлөр” коомуна жыл сайын 40-70 миллиондогон каражаттар бөлүнөт. Бирок бул бөлүнгөн каражаттар жетекчилер тарабынан максатсыз колдонулуп келет”, — деп билдирди митингчилердин бири.