«Мындай чоң сел биринчи жолу келди». Арстанбапта үйүн суу каптаган тургун эмне дейт?

Бүгүн, 24-июлда саат 13:00гө карата Арстанбап-Ата айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер тартылып, сел каптаган аймактардын 60 пайызы тазаланып бүттү.

Мындан сырткары 14 инженердик техника, 13 атайын техника тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Сел суулар каптаган 9 турак жайдын ээлерине Кызыл Ай коому тарабынан гигиеналык каражаттар таратылып берилүүдө. Жеринде ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов координациялык жумуштарын жүргүзүүдө.