Айсулуу Тыныбекова биринчи жолу тик учак менен Манхэттендин үстүнөн учту (видео)

Айсулуу Тыныбекова тик учак менен Нью-Йоркту айланып чыкты. Спортчу тик учакка биринчи жолу отуруп жатканын айтып, сезимдери менен бөлүштү.

«Бул менин тик учакка отуруп, биринчи жолу учушум. Учакка отуруп жатканым жакшы деле эсимде жок. Абдан толкундандым. Бир нече саамдан кийин кыймлдаткыч иштеп, салондон дүрүлдөгөн үн чыкты. Мен ойлогондой коркунучтуу деле эмес экен. Тик учак бийиктеген сайын толкундоо күчөп, бул сезим мени көпкө коштоду. Бийиктиктен сөз менен айтып бүткүс рельефтерди, укмуштуудай мегаполисти көрдүм. Бийиктиктен мага канат бүткөндөй сезилди. Менде мындай сезимдер эч качан болгон эмес. Биз Манхэттендин үстүнөн учтук», — деп жазды ал.