Мындан 7 ай мурун «Ош базарга» жакын жерде эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Ушул жылдын 22-апрелинде Бишкектеги Москва менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жашы болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын денесин кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.  Факты Ленин РИИБге каттоого алынган.

Белгилери: бою 180-185 сантиметр, орто дене түзүлүштө, мурду кырдаач, чачы кара ак баскан.

Кийген кийими: кара спорттук кийим ак чийиктери бар, ак футболка, кара шым, кара байпак, кара бут кийим.

Өзгөчө белгилери: курсагында операциядан кийинки 15 сантиметрлик тагы бар.

Эгер кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо, 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (551) 088-330, 0 (553) 102-465 жана «102» кызматына байланышсаңыздар болот.