«Мындан ары кантип жашайм?». “Эртең жегени тамагыбыз жок” деген келиндин кызы чарчап калды (видео)

Мындан 5 күн мурда SUPERTV телеканалына “Эртең жегени тамагыбыз жок” деген аталышта видео жарык көргөн. Анда Үмүт Абдылдаева аттуу келин өз баянын айтып берген. Тилекке каршы, 7-декабрдын таңында каарманыбыз бизге дал ошол видеодо колунда кармап отурган кызы чарчап калганын айтып байланышты.

«Эмизгем, жакшы эле уктаган. Эртең менен 6да ойгондум. Кызым дем ала албай көгөрүп баштаптыр. Тез жардам турган жерге өзүм алып келдим. Алар ооруканага жеткиришти. Мындан ары кантип жашайм», — дейт ыйлаган апа.