Эгер мамлекеттик кызматкер сөгүш же катуу сөгүш алса анда ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт жана сый акы төлөмдөрү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси билдирип, президенттин жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенин билдирди.
«Саясий кызматкер тартиптик жаза алса (мисалы, сөгүш же катуу сөгүш), ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Сый акы жана дем берүүчү төлөмдөрү (премия) убактылуу токтотулат. Мындай кадам – саясий кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт. Эми ар бир жетекчи же жогорку кызматтагы адам кызматын так аткарууга, сергек болууга, мыйзамды жана тартипти сактоого милдеттүү болот«,- деп жазды ал.