Мындан ары окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда окуу жылынын башталышы биротоло 15-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Мындай чечим COVID-19га байланыштуу кырдаалдан улам гана эмес, туристтик сезондун узактыгынан улам кабыл алынды. Окуу жылынын башталышын кийинкиге калтыруу боюнча ата-энелерден жана депутаттардан бир катар кайрылуулар болгон. Адамдар балдарын мектепке даярдоо үчүн бакчаларын тазалап, айыл чарба продукциясын сатууга үлгүрбөй калышат. Негизинен, бул албетте, айыл жерине тиешелүү”, — деп түшүндүрүштү министрлер кабинетинен. 

Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Мектептердин, колледждердин жана жогорку окуу жайлардын студенттери 15-сентябрдан тарта салттуу форматта окуй башташат.