«Мындан да жогору болмок». Экономика министри азык-түлүктүн баасынын асмандашы боюнча жооп берди

«Мындан да жогору болмок». Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев азык-түлүктүн баасынын асмандашы боюнча «Биринчи радионун» эфиринде жооп берди.

«Биздеги эң керектүү азык-түлүк товарлардын баары толугу менен биржалык товарлар. Эгерде кайсы бир товар биржада кымбаттаса, бизде да анын баасы өсөт. Кумшекер, ун же өсүмдүк майы болобу, дүйнөдө кандай кымбаттап жатса, биз да анын кесепетин көрүп жатабыз. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша салыктан бошотуп же жеңилдетип жатабыз. Мындай чараларды көрбөгөндө азыр баа дагы 30 пайызга өсмөк», — деди министр.