Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку жолунда сел жүрдү

Бүгүн, 23-июлда саат 06:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун 19-чакырымында сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган.

Жерине №26 жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылып унаа жолу саат 08:15те бир тараптуу ачылды.