Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда кар көчкү жүрүп, жол жабылды

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун Тамчы участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Учурда № 26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар жолду кардан тазалап жатышат. Көчкүнүн көлөмү 1750 метр кубду түзөт. «Жакынкы сааттарда кар көчкү тазаланып, каттам үчүн жол ачылат. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет», — дешти.